Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Иззат Артыков: Жеңишимди Кыргызстанга жана апама арнайм


Иззат Артыков
Иззат Артыков

Рио-де-Жанейродогу жайкы олимпиадада коло медалга ээ болгон кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков өз жеңишин Кыргызстанга жана апасына арнай турганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал Олимп оюндарындагы жеңиш талыкпаган эмгек жана тынымсыз машыгуунун аркасында келгенин кошумчалады:

- Спорттун бул түрү менен машыгып калуума апам түрткү болгон. Ал экинчи классымда оор атлетикага алып келген. Азыр Москвада иштеп жүрөт. Машыкканыма 15 жыл болду. Алгачкы машыктыруучум Эсен Майназаров, башкы машыктыруучу Үсөнкан Майназаров жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Өмүржан Молдодосовго да терең ыраазымын.

Артыков 10-августка караган түнү 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан. Булкуп көтөрүүдө 151 кг, түртүп көтөрүүдө 188 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы 339 килограммга көрсөткүч менен 3-орунду алды. Бул салмакта 352 килограмм көтөргөн кытайлык Ши Жуйонг биринчи, 351 килограмм салмакты багынткан түркиялык Данияр Исмаилов экинчи орунду ээледи. Кыргызстандык спортчунун жеңиши Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарында Кыргызстан алган алгачкы байге болуп калды.

Иззат Артыков Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1993-жылы туулган. Эки бир туугандын кенжеси. Үй-бүлөлүү. Буга чейин өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш, жаштар жана чоңдор арасындагы мелдештерде коло медалдарды алган. Быйылкы жылы да Ташкентте өткөн Азия чемпиондугунда оор атлетика боюнча алтын медал менен кайткан. (NT/ECh)

XS
SM
MD
LG