Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Кыргызстандагы ГЭСтерге Орусия жумшаган чыгымдар эсептелүүдө


Жогорку Нарын ГЭСин курууга тартылган техинкалар. 2014-жыл, октябрь.
Жогорку Нарын ГЭСин курууга тартылган техинкалар. 2014-жыл, октябрь.

Кыргыз өкмөтү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча Орусия менен 2012-жылы түзүлгөн келишимди 9-августтан тарта токтотту. Азыр эки тарап макулдашууга кол коюлгандан бери аткарылган чарбалык иштер, жаралган маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын басма сөз катчысы Фатима Төрөканова "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Кыргызстан тез арада Орусия тараптын чыгымдарын аныктоо боюнча көз карандысыз эл аралык аудит жүргүзөт. Анын жыйынтыгы менен кыргыз тарап Москвага компенсация төлөп берүүгө милдеттенме алат.

Кыргызстан 2012-жылы Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогору Нарын ГЭСтер каскадын Орусия менен куруу боюнча келишим түзгөн. Бирок Москва келишимди аткарууну ар кандай себептер менен создуктургандыктан, быйыл жыл башында кыргыз өкмөтү келишимди денонсациялоо чечимин кабыл алган.

Ошондой эле Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга даярдык иштерин жүргүзүүдө “РусГидро” ишканасы коррупциялык ишке жол бергени аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG