Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:28

Көк-Жаңгактагы мүрзөдөн жардыргыч заттар табылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Сузактын Көк-Жаңгак шаарынын 58 жаштагы тургуну жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактап жүргөнү аныкталды. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 9-августта шаардагы мүрзөлөрдүн биринен салмагы 350 граммдай РГД-5 үлгүсүндөгү жардыргыч зат табылган. Аны облустук милиция менен 10-башкы башкармалыктын адистери ыкчам кабардын негизинде аныкташкан.

Гранатаны бекитүүгө шектелген жарандын сурак учурундагы маалыматтарынан улам анын таанышынын үйү да тинтүүгө алынган. Ал жерден тартип сакчылары 950 граммдык “Аманит” жардыруучу заты жана атайын зымдары бар 12 даана “Детанатор” капсуласын табышкан. Андан тышкары сарайында өсүп жаткан 30 түп “Каннабис” маңзаты чыккан.

Алынган далил буюмдарга экспертиза дайындалып, эки кишинин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG