Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Орусия жана Армения Тоолуу Карабак тынчтык планын сүйлөшөт


Эки өлкөнүн лидерлери Владимир Путин жана Серж Саргсяндын жолугушуусу 10-августта болот. Орус президенти Армения президенти менен жолугушканга чейин Бакуда Азербайжан президенти Илхам Алиев жана Иран лидери Хасан Роухани менен Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу боюнча ЕККУнун планын сүйлөшкөн эле. Андан кийин президент Владимир Путин 9-августта Санкт-Петербургда Азербайжан союздашы Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен тыгыз байланышты калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү өткөрдү.

Тоолуу Карабак боюнча Азербайжан жана Армения ортосунда жаңжал 1990-жылдардын башында чыгып, Арменияга тарткан жикчилдер регионду жана Азербайжандын бир нече ички райондорун ээлеп алышкан. Орусия, Франция жана АКШ сунуштаган ЕККУнун планында Армения басып алган Азербайжан райондорун кайтарууга тийиш. Ал эми Азербайжан өз кезегинде Тоолуу Карабактын статусу боюнча маселеде ийге келиш керек. (AiT)

XS
SM
MD
LG