Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсияны көбөйтүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Социалдык фонд төрагасы Теңизбек Абжапаров менен биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев бүгүн президенттин кабыл алуусунда болгон учурда айтышты.
Маалыматка караганда, пенсиянын орточо көлөмү 5173 сомду түзүп, жалпы өсүү 10,2% түзөт.
Мамлекет башчы пенсияны жогорулатууда адилеттик болуусун, жарандар арасында нааразылыктар жаралбашы керектигин белгиледи.
2015-жылы өлкөдөгү пенсия орточо 4790 сомду түзгөн. (SE)