11-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33,
Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32,
Баткен облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +31...+36,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +31...+36,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...26,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн +1...+6, күндүз +10...+15 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градуска чейин жогорулайт.