Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Өз кызын зордуктоого шектелген адамга эл аралык издөө жарыяланды


Баткенде 16 жаштагы кызын зордуктаганы айтылган жаранга эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Шектүүнүн жубайы жазган арыздын негизинде кылмыш иши козголду. Болжолдуу маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү Орусияда болушу ыктымал.

Буга чейин Баткенде өз кызын бир топ убакыттан бери зордуктап жүргөн адам тууралуу маалымат чыккан. Анда айтылгандарга караганда, окуя кыздын энеси кургак учук менен ооруп, Бишкекке дарыланганы кеткенде болгон.

Ал эми кызынын боюнда болуп калганын билгенден соң атасы Кыргызстандан кетип калган. Өспүрүмдү чоң энеси Тажикстанга алып барып төрөткөнү, бирок ымыркайды ошол жакта "өлтүрүп көмүп салганы тууралуу" да кеп тараган. Милицияга түшкөн кабарлардын дагы биринде бала өлүк төрөлгөн. ИИМ бул маалыматтар да текшерилип жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG