Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Украинада пара алган деп кармалган судьяны жоопко тартуу кыйынчылык жаратууда


Украинанын антикоррупциялык прокуратурасынын бүгүн кабарлаганына караганда, 9-августта мурунку президент Виктор Януковичтин мезгилинен бери судья болуп келаткан Киевдин Днепропетровск районунун судьясы Николай Чаустун үйүн тинткен учурда 150 миң доллар табылды. Прокурор Назар Холодницкий судьянын Конституция кепилдеген кол тийбестиги болгондуктан, аны камакка алуу мүмкүн болбогондугун билдирди. Холодницкийдин айтымында, “далилдер пара берилген жерден" алынды. Эгерде судья айыптуу деп табылса, ал 12 жылга чейин кесилет. Холодницкий мыйзамдарды өзгөртүүгө депутаттарды чакырып, азыркы мыйзам украин коомундагы “кол тийбестерди” коргоорун белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG