Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Бразилияда Дилма Русефке импичмент жарыялоо процесси башталды


Дилма Руссеф, 12-май, 2016-жыл.
Дилма Руссеф, 12-май, 2016-жыл.

Импичментти баштоо демилгесин бразилиялык сенаторлор 16 саат талкуулап, акыры ал колдоо тапты. Президент Русефке өлкөнүн реалдуу экономикалык абалын жашыруу үчүн парламент макулдугусуз бюджет чыгымдарын өзгөрткөн, мыйзам бузган деген расмий айып тагылды.

Дилма Русеф ушул жылдын 12-майында териштирүү бүткүчө деп, кызматынан убактылуу четтетилген. Импичмент процессин Жогорку Соттун жетекчиси жүргүзөт. Талдоочулар сот айым президентти күнөөлүү деп табарын болжолдошууда.

2016-жылдын башында өлкөдөгү олуттуу экономикалык кризистен жана айрым аткаминерлердин Petrobras аттуу ири мунай компаниясындагы коррупцияга аралашканынан улам Русефтин кадыр-баркы кескин түшүп, ага импичмент жарыялоо демилгеленген.

Русефтин тарапташтары бул мыйзамдуу шайланган президентти төңкөрүү аракети деп, айыптоолорду четке кагып келишет.

Учурда өлкөнү убактылуу вице-президент Мишел Темер башкарууда.

XS
SM
MD
LG