Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Президенттин аппарат жетекчиси Текебаевге жооп кайтарды


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Президенттик аппарат жетекчиси Фарид Ниязов «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы пикирине жооп кайтарды.

Бул тууралуу өлкөдөгү маалыматтык агенттиктердин бирине Ниязовдун пикири жарыяланды. Анда Ниязов Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси бийликти узурпациялоого каршы экенин билдирген. Атамбаевден башка адам президент болгондо өлкөдө абал такыр башкача болмок экенин, мында учурдагы президенттин салымы көп экенин белгилеген.

“Эгер бүгүн Өмүрбек Чиркешович ушунча жылдан бери ар кандай конфигурацияларды бузууга иштегенин моюнуна алса, президент Атамбаевдин бардык күчү саясий күчтөрдү, Кыргызстандын элин бириктирүүгө багытталды. Дүйнө ушундай жаралган. Бирөөлөр бузууга ылайыкташса, экинчилер курууга жаралган”, - деп айтылат Ниязовдун билдирүүсүндө.

Бүгүн «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан. Ал мындай жол менен Атамбаевдин айланасындагы адамдар бийликти узурпациялоого аракет кылып жатат деп айыптаган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG