Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Крым, Донбасс жактагы украин аскерлерине согушка даяр болууга буйрук берилди


Украина президенти Петро Порошенко Крым жана Донбасска жакын жайгашкан аскер бөлүктөрүн эң жогорку аскердик даярдыкка өткөрүүгө буйрук берди.

Бул чечим Орусиянын "украиналык чалгынчылар Крымда теракт уюштурмай болгон" деген билдирүүсүнөн кийин кабыл алынды.

Мындан тышкары, Украина түштүгүндө 10-августтан тарта пландалган аскердик машыгуулар өтүп жатканын өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Ошол эле маалда Киев Орусия акыркы күндөрү аймакта аскерлерин көбөйтүп, айрымдарын алмаштырганын, анын ичинде аба-десанттык бөлүктөрдү алып келгенин жана жаңы курал-жарактар менен жабдыганын айтып чыкты.

Ал эми Орусия президенти Владимир Путин Украина бийлигин Крымдагы абалды дестабилдештирүү үчүн террор уюштурмак болгон деп айыптап, бул үчүн катуу жооп кайтарыларын айткан. 11-августта Путин коопсуздук кеңеши менен Крымдагы жагдайды талкуулады.

Орусия Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG