Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:10

Cочиде ЕАЭБнын өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Орусиянын Сочи шаарында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны бүгүн башталат. Анда ЕАЭБнын бирдиктүү соода тармагында жана дары-дармек соодасындагы кызматташуу маселеси талкууланат.

Жыйынга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетектеген кыргызстандык делегация да катышмакчы. Алар Сочиге кечээ барышты. Сапардын жүрүшүндө кыргыз-орус өкмөт өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу да болот.

ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө. (NT)

XS
SM
MD
LG