Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

Кыргызстан Риодон кайткан Иззат Артыковду тосуп алды


Иззат Артыковду тосуп алуу (Фото "Манас" аэропортунуку)
Иззат Артыковду тосуп алуу (Фото "Манас" аэропортунуку)

Бүгүн таң эрте Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда кыргызстандыктар Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимп оюндарына катышып кайткан спортчуларды салтанат менен тосуп алышты.

Алардын арасында аэропорттун кызматкерлери коло медал менен мекенине кайткан оор атлетчи Иззат Артыковго, анын машыктыруучуларына ак калпак кийгизип, тиешелүү жөрөлгөлөрдү жасашты.

Иззат Артыков 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 3-орунду алган. Бул - Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарында Кыргызстан үчүн алгачкы байге. Президенттин жарлыгы менен Артыковго ай сайын 15 миң сом стипендия өмүр бою бериле турган болду. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдиргендей, өкмөттүн токтомуна ылайык спортчу алдыдагы төрт жыл аралыгында 45 миң сомдон стипендия да алат. Өкмөт ага 3,5 миллион сом берүүнү да убада кылган. Спортчунун башкы жана жеке машыктыруучуларына 875 миң сом берилет. Иззат Артыковго «Спортко эмгек сиңирген чебер» наамы да ыйгарылмакчы.

XS
SM
MD
LG