Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 11-августтагы жыйынында кабыл алышты. Анын алкагында, БШКнын расмий сайты жаңылоо жана техникалык мүнөздөмөлөрү жогорулатылат.
БШКнын төрайым орун басары Атыр Абдрахматованын айтымында, Шайлоо комиссиясынын учурдагы сайты 2011-жылы жасалган. Колдонуучулар тарабынан бир катар нааразылыктар бар. Буга байланыштуу колдонууга жөнөкөй жана ыңгайлуу сайтты жасоо зарылчылыгы туулду. Жаңы сайт БШКнын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында жыйындарды онлайн режимде көрсөтүүгө ылайыкташат.(BkA)