Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

2017-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 21 миллиард сом каралат


Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 2017-жылы 21 миллиард сом каралат. Бул тууралуу кийинки жылкы бюджеттин долбоорунда айтылат. Маалыматка ылайык, мамлекеттик карыздын көлөмү 271 миллиард сомду түзүүдө. Анын 254 миллиард сому тышкы карыз. Бул ички дүң продукциянын 64 пайызынан ашып кеткен.

Буга чейин Жогорку Кеңеште мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпоого тийиш деген чекти алууну караган мыйзам долбоор сунушталган.

Бүгүн Бишкекте республикалык бюджетти түзүү боюнча коомдук угуу өтүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG