Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Ошто Сүймөнкул Чокморовдун айкели тургузулат


Cүймөнкул Чокморов
Cүймөнкул Чокморов

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Чыгаан киноактердун айкели калаадагы “Жеңиш” багына коюлат.

Бир канча жылдан бери кароосуз калган жаштардын эс алуу жайы, быйыл жаз айларында оңдолуп башталган. Ага өлкө казынасынан жана чет элдик уюмдардан жалпы 3 миллион 111 миң сом бөлүнгөн. Бул каражаттын эсебинен Чокморовдун эстелигин тургузууга да каражат каралган.

Бийиктиги 10 метрди түзгөн актердун айкели күз айларында бүткөрүлөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG