Кремлдик администрациянын башчысы алмашты. Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Сергей Ивановду бул кызматтан бошотуп, ордуна Антон Вайнону алып барды.
Иванов мындан ары мамлекет башчынын жаратылышты коргоо, экология жана транспорт маселелери боюнча атайын өкүлү болорун "Интерфакс" агенттиги кабарлоодо.
Вайно буга чейин президенттик администрация башчысынын орун басары болчу.
Путиндин айтуусунда, Иванов иштен өз каалоосу менен кетти.
Мурдагы КГБ офицери Сергей Иванов буга чейин орус өкмөтүндө бир нече жооптуу кызматтарды аркалаган.(RK)