Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

Орусиянын Сирияда жоготкон аскерлеринин саны 20га жетти


Сирияда набыт болгон аскерлердин биринин жаназасы
Сирияда набыт болгон аскерлердин биринин жаназасы

Сирияда дагы бир орус аскери мерт болду. Ал Кабардин-Балкар республикасынан Аскер Бижоев экенин бүгүн расмий булактар кабарлашты.

Республиканын башчысы Юрий Коков Инстаграмдагы баракчасына Бижоев баатырларча курман болгонун, ага "Эрдик" ордени тапшырыларын жазды, бирок офицер качан, кайсы жерде набыт кеткенин тактаган жок.

Ошентип, орус армиясы Сириядагы согушта жоготкон жоокерлеринин саны 20га жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG