Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Астана Москвадан Кенесары менен Кейкинин сөөгүн өткөрүп берүүнү сурады


Казак премьер-министри Карим Масимов Сочиде ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жолугушуусу алкагында орус премьери Дмитрий Медведев менен жүргүзгөн сүйлөшүүсү учурунда Кенесары хан менен Кейки баатырдын сөөгүн Казакстанга өткөрүп берүү маселесин козгоду. Бул тууралуу казак өкмөтү кабарлоодо.

Медведев казак улуттук баатырларынын сөөгүн мекенине кайтаруу маселесин "териштирип көрүп, тиешелүү тапшырмаларды берүүнү" убада кылды.

Казакстандын улуттук реликвиясына айланган сөөктөр Орусиянын Илимдер академиясынын Антропология жана этнография музейинде сакталып турары айтылганы менен так маалымат жок.

Маалымат булактарына ылайык, казактын акыркы ханы деген Кенесары Касымов 1847-жылы өлтүрүлүп, анын башын Орусияга трофей катары алып кетишкен. Ал эми Кейки баатыр 1923-жылы боштондук армиясын жетектегени үчүн өлтүрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG