Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Отуздан ашуун түрк дипломаттары чет өлкөлөрдө калышты


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун айтымында, өлкөдө төңкөрүш жасоо аракетине байланыштуу чет мамлекеттердеги 208 дипломаттын 32си мекенине кайтпай жүрөт. Министр алар бийликтен качып, сыртта калууну туура көрүшкөнүн журналисттерге билдирди. Бирок Анкара аларды экстрадициялоо маселесин көрүп жатканын кошумчалады.

Өлкөнүн коргоо министри Фикри Ишык болсо жергиликтүү маалымат булактарына берген интервьюсунда 162 аскер адамдары жана үч аскер атташеси бозгунда экенин билдирди.

15-июлда Түркияда аскерий төңкөрүш аракети жасалган. Андан соң 18 миңден ашуун адам камалып, он миңдеген кишилер жумуштан бошотулган.

XS
SM
MD
LG