Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Президент ГЭСтерди курууга инвестор табууну жандантууну тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев менен Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев.
Президент Алмазбек Атамбаев менен Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алып, күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат алды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент суук мезгилде элди жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык аракеттерди көрүү, тийиштүү оңдоо иштерин өз убагында сапаттуу жасоо керектигин эскертти.

Калиев гидроэлектрстанцияларын куруу жаатында чет элдик компаниялар менен сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.

Атамбаев Жогорку Нарын каскады менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Орусия менен келишим жокко чыгарылгандыктан, башка инвесторлорду табууну тездетүү, ченемдик-укуктук актыларды даярдоо маселесин тапшырды.

Аталган ГЭСтерди куруу боюнча Орусия менен Кыргызстан ортосундагы макулдашуу 9-августта расмий токтотулган. (SE)

XS
SM
MD
LG