Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:49

Канн шаарында мусулман кийимчен сууда сүзүүгө тыюу салынды


Франциянын Канн шаарындагы жээктерде мусулман аялдарынын сууга түшчү кийими – буркини кийип чөмүлүүгө тыюу салынды. Баш ийбегендерге 38 евро айыппул салынат.

Шаар мэри Дэвид Линар бул чечим коопсуздук жана коомдук тартипти сактоо максатында кабыл алынганын билдирди. Шаар башчысы мындай кийимди “экстремизм белгиси” катары сыпаттап, исламчыл согушкерлер уюштурган кол салуулардан жапа чеккен эл арасында ар кандай түшүнбөөчүлүктөрдү жаратышы ыктымалдыгын айтты.

Былтыр Парижде, өткөн айда Ницца шаарында уюштурулган теракттардан улам мамлекетте коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG