Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Орусияда киши колдуу болгон кыргыз жаранынын сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлөт


Москвада такырбаштардын колунан каза тапканы айтылган кыргызстандык 36 жаштагы жарандын сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлөт. Ал Кара-Суу районунун тургуну экенин Орусиядагы кыргыз элчилигинен “Азаттыкка” кабарлашты. Уюштуруу иштерин маркумдун тааныштары менен элчилик жасап жатышат.

Окуя Москва шаарында 12-августка караган түнү болгон. Маалыматка караганда, кыргызстандык жигит Рязанская көчөсүндөгү дүкөнгө барган жеринде кол салууга кабылган. Кокустан пайда болгон кылмышкерлер дүкөн ээсине жана кыргызстандык жаранга бычак сайып өлтүрүп кетишкен. Аларга жардам берүүгө келген дагы бир кишини жарадар кылышкан. Полиция окуяны иликтеп жатат. Шектүүлөр кармала элек.

Мурдараак орусиялык маалымат каражаттары Рязанская көчөсүндө такырбаштардын колунан эки адам набыт болгонун, алардын бири кыргызстандык, экинчиси армениялык экенин жазышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG