Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:55

Польшада Гитлерден калган “алтын поездди” издөө башталды


Археологдор Польшада Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер жер астына жашырып кеткен алтын жана башка кымбат таштар толтурулган поездди издөөгө киришти.

“Немис толкуну” радиосу билдиргендей, издөө иштери 12-августта Вроцлав жана Валбжих шаарларынын ортосундагы темир жол аймагында башталды. Жашырылган поездде 15 миллиард долларлык байлык бар экени айтылууда.

Былтыр Польшанын маданият министри Петр Жуховский өз мамлекетинин жер астындагы туннелдеринин биринде алтынга толо поезд бар экенине ишенерин билдирген.

Издөө иштерин польшалык жана германиялык археологдор жүргүзүп жатышат.

XS
SM
MD
LG