Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

"Ислам мамлекети" террорчул уюму жүздөгөн туткундарды кое берди


Манбиж шаары
Манбиж шаары

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террорчул топ Түркия менен чектеш Сириянын Манбиж шаарынан Жарабулус шаарына качып баратканда 2000 чамалуу адамды туткунга алып, аларды АКШ баштаган эл аралык коалициянын соккуларына каршы "тирүү калкан" катары колдонгон. 12-августта туткунга түшкөндөрдүн арасында аялдар менен жаш балдар да болгон.

Жоочулардын колунда дагы кишилер калганы айтылууда. Алардын тагдыры азырынча белгисиз.

ИМ тобу Манбижди 2014-жылы басып алган. АКШ баштаган эл аралык коалициянын колдоосунда узаган аптада оппозициялык күчтөр шаарга көзөмөл орнотушкан.

XS
SM
MD
LG