Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:57

АКШнын түндүгүндөгү Милуоки шаарында ындыкара жигиттин өлүмү нааразылык жаратты


Кагылышуу учурунда жабыркаган полициянын унаасы
Кагылышуу учурунда жабыркаган полициянын унаасы

Полиция кызматкерлери ишембиде 23 жаштагы ындыкара жигитти качып бараткан учурда атып өлтүргөн. Бул тууралуу NBC News кабарлайт. Полициянын айтымында, баланын жанында уурдалган тапанча бар болчу.

Буга нааразы болгон жүздөгөн адам шаардын көчөлөрүнө чыгып, май куюучу жайды, банк имаратын жана эки дүкөндү талап тоношкон. Полиция кызматкерлери менен нааразылардын ортосунда атышуу болуп, бир полициячы жарадар болгону кабарланууда.

Июлдун башында полиция кызматкерлеринин иш-аракеттерине нааразы болгондордун демонстрациялары АКШда күч алган. Кагылышуу учурунда беш полиция кызматкери каза таап, дагы жетөө жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG