Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Рио-2016: Арсен Эралиев коло байге үчүн күрөштө утулуп калды


Бразилияда өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында Кыргызстандын грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев мелдештерин байгесиз жыйынтыктады. 59 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан Эралиев 15-августка караган түнү коло байге үчүн күрөштө өзбекстандык Элмурат Тасмурадовго утулуп калды. Беттештин биринчи бөлүгүндө Тасмурадов 5 упай менен алдыга чыккан. Экинчи айлампада Эралиев удаасы менен ыкмаларды жасап 6 упай топтоду. Өз кезегинде өзбекстандык балбан алгач бир упай, андан соң төрт упай алды. Бул учурдан кийин Эралиев жасаган аракеттер эки упайга бааланды. Атаандашын оодарып упай алуу аракети ишке ашпай бул учурда калыстар Тасмурадовго үч упай беришти. Жыйынтыгында өзбекстандык Элмурат Тасмурадов 13:8 эсебинде жеңишке жетип Олимпиада оюндарынын коло медалын тагынды.

Арсен Эралиев 1/8 финалда Куба мамлекетинин балбаны, 2015-жылдагы дүйнө чемпиону Исмаэл Борреро Молина менен таймашып, утулуп калган. Кубалык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу Эралиевге жооткотуучу беттеште күчүн сыноого шарт түзүлгөн эле. Жооткотуучу беттеште кытайлык Ван Люминди жеңип, 3-орун үчүн таймашка чыккан эле. Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спортчу барган. Алардын жарымы мелдештерин жыйынтыктады. Бүгүн, 15-августта грек-рим күрөшчүлөрү Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов таймаштарга чыгат. (ECh)

XS
SM
MD
LG