БШК кошумча электрондук үкөктөрдү сатып алуу боюнча тендерди өткөн аптада жарыялаган. Бул маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына 11-августта чыгып, жеңүүчү 15-августта аныктала турганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген. Маалыматка караганда, үкөктөрдү сатып алууга Европа Биримдиги грант катары бөлгөн 5 миллион евро сарпталат.
Боршайкомдун чукул тендер жарыялап, анын жыйынтыгын эрте чыгаруу аракетинен улам коомчулукта бийлик референдум өткөрүүгө камынып баштады деген ойлор күчөдү.
Кыргызстанда электрондук үкөк биринчи жолу 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо пайдаланылган. (NT)