Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 03:04

Чек арада ок-дары алып бараткан адам кармалды


Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” көзөмөл бекетинен кыргызстандык жаран Казакстанга ок-дары алып өтүүгө аракет кылган жеринен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады. Анда айтылгандай, жаранды тинтүү учурунда жанынан 7,62 мм калибрдеги мылтыктын 10 даана огу жана 5,6 мм калибрдеги мылтыктын 59 даана огу табылган.

Чек арадан ок-дары алып өтүүгө аракеттенген жаран ИИМдин аймактагы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.(ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG