Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Штайнмайер: Орусия менен Батыштын мамилесинде тирешүү жок


Германия тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Екатеринбург шаарына келген учур. 14-август, 2016-жыл.
Германия тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Екатеринбург шаарына келген учур. 14-август, 2016-жыл.

Немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер бул тууралуу бүгүн Екатеринбург университетинде сүйлөгөн учурунда билдирип, Берлин менен Москванын мамилеси алдыдагы жылдары жакшырарын болжолдоду.

Германиянын тышкы саясий мекемесинин башчысы бүгүн Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат жана анда негизги көңүл энергия чөйрөсүндөгү кызматташтыкка, украин жажалына, Сирия кризисине бурулмакчы.

Франк Вальтер - Штайнмайердин айтымында, Украинанын чыгышындагы жаңжалды токтотуу мүмкүнчүлүктөрү али бар жана Минск тынчтык келишимдери бул жараяндын өзөгүн түзүүсү керек.

Ал ошондой эле Орусия менен Батышты “өзгөчө татаал учурлардагы чыңалууну басаңдатуу үчүн” НАТО - Орусия кеңешинин мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга да чакырды.

Немис дипломатия башчысынын бул сөздөрү алдында кечээ Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Германия менен мамиледеги чыңалуу “биздин күнөөбүз эмес” деп билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG