Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген байкоочу уюмдун бүгүнкү маалыматына караганда, жанкечти жардырууну кечээ Түркия чек арасына жакын жерде жасаганда сириялык козголоңчулардын 32 согушкеринин өмүрү кыйылган.
Окуя Идлиб провинциясындагы Атмех көзөмөл бекетинде болгон.
Жанкечти өзүн чек арадагы көзөмөл бекетте, сириялык козголоңчулардын согушкерлерин салган автобустун жанында жардырып жиберген.
Жардыруудан түркиялык эки чек арачынын да өмүрү кыйылды деген маалыматтар бар. Ал эми канча киши жаракат алганы белгисиз.
Идлиб провинциясы Сириянын президент Башар Асадка каршы Түркия колдогон оппозициясынын башкы таянычы катары саналат. (UE)