Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Текебаев: Атамбаевдин 2014-жылдан кийинки аракеттерин колдобойм


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай пикирин бүгүн “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, ал аракеттер “эски заманга барганга жол ачат. Атамбаев өзү койгон адамдардын бийлигин бекемдеп, ошол аркылуу өлкөнү башкарганга аракет кылып жатат”.

Текебаев 2011-жылдан кийинки революциячыл бийлик алгачкы эки өкмөт башчыны контрреволюциячыл күчтөрдүн мизин кайтаруу үчүн, ал эми 2014-жылдан кийинки эки өкмөт башчыны коньюнктуралык кызыкчылыктарга байланыштуу кетирилген деп эсептейт.

Кыргыз өкмөтүн 2014-жылга чейин Өмүрбек Бабанов, Жантөрө Сатыбалдиев, андан кийин Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев башкарып келишкен. Азыркы өкмөттүн башында КСДП фракциясынын мүчөсү Сооронбай Жээнбеков турат.(BuS;ZKo)

XS
SM
MD
LG