Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Сирияда жанкечтинин чабуулу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Идлиб провинциясы
Идлиб провинциясы

Бул тууралуу “Ислам мамлекети” тобу террористтик уюмуна байланышы бар социалдык медиа канал билдирди. Анда жанкечтинин чабуулунан 50дөн ашуун киши өлдү деп ырасталат.

Билдирүүдө ошондой эле жардырууда бутага алынган козголоңчулар Алеппо провинциясын карай,“Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү үчүн бара жаткандыгы айтылган.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген байкоочу уюмдун бүгүнкү маалыматына караганда, жанкечти жардырууну кечээ Түркия чек арасына жакын жерде жасаганда сириялык козголоңчулардын 32 согушкеринин өмүрү кыйылган.

Окуя Идлиб провинциясындагы Атмех көзөмөл бекетинде болгон.

Жанкечти өзүн чек арадагы көзөмөл бекетте, сириялык козголоңчулардын согушкерлерин салган автобустун жанында жардырып жиберген. Жардыруудан түркиялык эки чек арачынын да өмүрү кыйылды деген маалыматтар бар. Ал эми канча киши жаракат алган белгисиз.

Идлиб провинциясы Сириянын президент Башар Асадга каршы Түркия колдогон оппозициясынын башкы таянычы катары саналат. (UE)

XS
SM
MD
LG