Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Түркияда жардыруудан алты адам каза тапты


Диярбакырда жардыруу болгон жерге куткаруучулар жана полициячылар чогулган учур. 15-август, 2016-жыл.
Диярбакырда жардыруу болгон жерге куткаруучулар жана полициячылар чогулган учур. 15-август, 2016-жыл.

Расмий маалыматка караганда, бомбаланган унаа бүгүн өлкөнүн түштүк-чыгышындагы күрттөр көп жашаган Диярбакыр провинциясында, полиция бекетинин сыртында жарылган.

Жардыруудан мерт болгондордун төртөө полицейлер, экөө жайкын тургундар.

Расмий өкүлдөр жардыруу үчүн күрт согушкерлерин айыптаганы менен азырынча бул кол салууга эч ким жоопкерчилик ала элек.

Эл аралык Кризис тобу деген уюмдун эсебинде, Түркияда өкмөт менен тыюу салынган Күрт жумушчу партиясынын согушкерлери ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу былтыр июлда кыйрагандан бери атышуулар менен жардыруулардан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин, жайкын тургундарды, күрт согушкерлерин кошкондо 1850дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Былтыр жайдан бери түрк коопсуздук күчтөрү өлкөнүн күрттөр жашаган түштүк-чыгыш райондорунда коопсуздук операцияларын такай жүргүзүп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG