Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:34

Гуантаномодон бошотулган 15 адам БАЭге өткөрүлүп берилди


АКШнын Кубадагы Гуантанамо түрмөсүнөн бошотулган 15 адам Бириккен Араб Эмирликтерине жөнөтүлдү. Бул Барак Обама 2009-жылы президенттикке дайындалгандан бери биринчи жолу көп сандаган адам бошотулган учур. Базаны жабуу Обаманын президенттикке талапкер кезиндеги убадаларынын бир болчу.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кубадагы түрмөнү жабуу маселелери боюнча өкүлү Ли Волоски Араб Эмирликтеринин жетекчилигине 15 адамды кабыл алууга макул болгону үчүн ыраазычылык билдирди. Алардын 12си - эмираттардын, үчөө Ооганстандын жараны.

Волоскинин белгилешинче, Гуантаномодогу база АКШнын улуттук коопсуздугун алсыратат жана Вашингтондун өнөктөштөрү менен мамилесине залака тийгизип, экстремисттердин зомбулугуна шыкак болот.

Пентагондун маалыматына караганда, Гуантанамо түрмөсүнө азыр 61 адам кармалууда. Бул атайын абак 2002-жылы ошол кездеги президент Жорж Буштун тушунда талибдер жана "ал-Каида" уюму менен байланышы бар деген шек менен кармалгандарды изоляцияга алып, сурак жүргүзүү үчүн ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG