Өзбекстандык оор атлетчи Руслан Нурудинов Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимпиадада алтын медаль утуп, чемпион аталды. Ал 105 килограммга чейинки салмакта ат салышып, 237 килограммды көтөрүү менен жаңы рекорд көрсөтө алды.
Күмүш медаль армениялык Симон Мартиросянга, коло казакстандык Александр Зайчиковго тийди. (RK)