Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


Жогорку кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясы педофилдерге өлүм жазасын колдонуу боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Анда Баш мыйзамдын 21-беренесине «Өлүм жазасына жаш балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштарды кошпогондо, тыюу салынат» деп жазуу сунушталууда.

Фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев катуу чаралар менен гана жашы жете электерге сексуалдык зомбулукту токтото алабыз деп эсептейт:

- Педофилдерге жоопкерчилик чарасын мыйзамдуу түрдө өлүм жазасын киргизүү менен катуулатыш керек. Эгерде депутаттар бизди колдосо, мындай норма учурдагы Конституцияга киргизилет.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Кыргызстанда жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу талабы акыркы эки жылдан бери көтөрүлүп келүүдө. Айрым коомдук уюмдар бул боюнча Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жана педофилдерди өлүм жазасына тартууну талап кылып, элден да кол топтошкон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG