Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Сибирде мигранттарга айрым тармактарда иштөөгө тыюу салынды


Сибирде мигранттарга айрым тармактарда иштөөгө тыюу салынды. Муну жергиликтүү бийлик экономикалык кризистин айынан өз тургундары жумушсуз калуусун алдын алуу максатында кабыл алынган чара деп атоодо. Новосибирск облусунун губернатору Владимир Городецкийдин буйругуна ылайык мындан ары эмгек мигранттарына билим берүү мекемелиринде, балык заводдорунда, кен казууда жана токой өнөр жайында иштөөгө уруксат жок.

Ошондой эле мигранттар балдар үчүн тамак-аш чыгаруу ишканаларында жумушчу, такси, автобуста айдоочу, бухгалтер, юрист жана катчы болуп расмий түрдө иштей албайт.

Новосибирскте Борбор Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан барган мигранттар көп.

Сибирь федералдык округунун административдик борбору Новосибирск Орусияда калкынын саны боюнча үчүнчү орунда турган шаар. Аны Сибирдин борбору деп аташат. (RK)

XS
SM
MD
LG