Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Украина: Орусия Крымды аскер базасына айлантты


Украина, Крым.
Украина, Крым.

Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын кызматынын өкүлү Вадим Скибицкий 16-августта "5-каналдагы" маегинде билдирди. Ал Орусия Крымга курал жана согуштук техниканын жаңы системасын орнотуп жатканын, Украина үчүн өзгөчө коркунучту өзөктүк курал алып жүрүүчү техника жаратып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, Орусия Крымдан бүтүндөй Украинага жете алчу ракеталык катерлердин, суу алдында сүзүүчү кеме, фрегаттардын санын көбөйтүүдө. Скибицкий Орусия тараптан ачык кол салуу ыктымалдыгы бар экенин, курал-жарактын жана аскерий техниканын кыймылы тыкыр көзөмөлгө алынганын да белгиледи.

Украин чалгынчылары Донбасска Орусиядан кезектеги курал-жарак жана техника келгенин, арасында Т-64 танктары жана БТРлер бар экенин маалымдашкан. Мындан тышкары Горловка айылында эки радиолокациялык комплекс орнотулганы кабарланууда.

10-августта Орусия Крымда теракт уюштурууну көздөдү деген украин чалгынчыларын колго түшүргөнүн кабарлаган. Бирок Киев муну орус тараптын чагымы деп атап келет.

XS
SM
MD
LG