Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Москва: өзбек жараны "Тез жардам" айдоочусуна кол салды


Москвада адам өмүрүнө кол салууга шектелип, өзбекстандык жаран кармалды. Ал "Тез жардам" унаасынын айдоочусуна бычак сайган. Шектүү Өзбекстандын Анжиян шаарынын тургуну болуп чыкты. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал "Тез жардам" кызматынын унаасына барып, тиши ооруп жатканын айтып, ийне саюуну талап кылган. Ал талабы аткарылбаганда айдоочунун көкүрөгүнө бычак сайганы айтылууда. Жабырлануучу Москванын ооруканаларынын бирине жеткирилип, операция жасалган.

Кармалган адам айдоочу менен тартыша кеткендигин айтып, бирок чыр эмнеден чыкканын так эстей алган эмес. Кол салуу боюнча кылмыш иши козголду. Эгер ал айыптуу деп табылса, 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG