Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 03:05

Сооронбай Жээнбеков Ош облусунда эки күндүк иш сапар менен жүрөт. Бүгүн ал Өзбекстандагы Барак анклавынан көчүп келген Беш-Үй айлынын тургундары менен жолугушат.

Мындан тышкары аймактагы инфраструктуралык жана социалдык мекемелердин курулушу менен таанышып, Араван районундагы жашылча-жемиш базанын логистикалык борборунда болот.

Ошондой эле премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу районундагы өткөн жылы жер титирөөдөн жабыркаган Чайчы айлынын тургундары менен жолугушат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылык кызматка өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп иштеп турган жеринен келген.(ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG