Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Күйүүчү майды мыйзамсыз сатуудан бюджет 44,2 млн сом зыян тартты


Жыл башынан бери күйүүчү майдын мыйзамсыз сатылган 115 учуру аныкталып, 73 кылмыш ишин козголгон. Анын ичинен 26 кылмыш иштин тергөөсү аяктап, сотко жиберилген. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, күйүүчү май сырттан мыйзамсыз алып кирген, салыктан качуу үчүн жасалма документтерди көрсөткөн жана башка мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекеттик казына 44,2 млн сом зыян тарткан. Мунун ичинен 3,5 млн сомдон ашыгы калыбына келтирилген.

Маалыматка караганда, акыркы убактарда Казакстандан күйүүчү майды мыйзамсыз алып кирүү күчөдү. Жакында эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “Кең-Булуң” чек ара бекетинин кызматкерлерине мыйзамсыз күйүүчү май ташыган автоунааны өткөрүп жибергени үчүн кылмыш ишин козгоду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG