Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Казакстандык боксер өлкөгө алтын медаль алып келди


Казакстандык мушкер Данияр Елеусинов.
Казакстандык мушкер Данияр Елеусинов.

69 киллограм салмактагылар арасында финалдык беттеште Данияр Елеусинов өзбекстандык мушкер Шахрам Гиясовду жеңип алды. Ошону менен Казакстан боксчулары бул салмакта төртүнчү ирет катары менен алтын медалга ээ болуп олтурат.

2012-жылы Лондондо Сапиев, 2008-жылы Бээжинде Сарсекбаев, 2004-жылы Афинада Артаев Олимп оюндарынын чемпиону болгон. Рио олимпинде чемпиондукка жеткен Елеусинов “бул салмак Казакстанга таандык. Мен аны дагы бир жолу далилдедим” деди.

Казакстандык күйөрмандар Данияр Елеусиновдун жеңишин чоң шаан-шөкөт менен белгилешти. (AiT)

XS
SM
MD
LG