Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Орунбеков: Өмүрүмө коркунуч жаралууда


Дайыр Орунбеков
Дайыр Орунбеков

Атамбаев тууралуу туура эмес маалымат жазганы үчүн 2 млн сомдук айыпка жыгылган журналист Дайыр Орунбеков өмүрү, үй-бүлөсү үчүн коркунуч туула баштаганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, түн ичинде анын үйүнө чоочун кишилер келген:

- Түн жарымда эшигимди каккылаган киши сырттан кантип кирип калганын билбейм. Айылдан келдим эле дейт, кебетеси айылдан келгендей көрүнбөйт. Эртең менен сыртка чыксам, унаасында отуруптур. Менин артымдан кууп жүрүп отуруп, Октябрь РИИБнө чогуу келдик. Көрсө, ал Октябрь РИИБнүн кызматкери Сураналиев экен. Түн ичинде мага суракка “чакыруу” берүү үчүн барган имиш. Чакыруу бергиси келсе, эмнеге мени сурабай, башка кишинин атын айтып издейт? Муну мен мага карата болуп жаткан президент Атамбаевдин куугунтугуна байланыштуу жана үй-бүлөмө, жакындарыма психологиялык басым деп билем.

Журналист Дайыр Орунбеков “Президент Алмазбек Атамбаев тууралуу жалган маалыматтарды тараткан” деген айып менен Башкы прокуратура тарабынан жоопко тартылып, 2 млн сомдук айыпка жыгылган. Көп өтпөй, Аламүдүн райондук соту Орунбековду сот чечимин аткаруудан баш тартууда деп, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. 2-августта Октябрь РИИБ Дайыр Орунбековго кылмыш ишин козгоп, эч жакка кетпөөнү милдеттендирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG