Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:29

Ошто Сирияга азгырып жүргөн жаран кармалды


Милициянын 10-бөлүмү тарабынан Кара-Суу районуна караштуу Нариман айлынын тургуну, “Абдуллох” деген каймана аттуу 18 жаштагы К.Ж. башка жарандарды Сириядагы согушууга үндөп жүргөнү аныкталган.

Ал интернет аркылуу учурда Сирияда жүргөндөр менен байланышып, жакында алардын катарына кошуларын да билдирген. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, “Абдуллох” 18-август күнү Ош шаарындагы “Космонавттар” паркында өзү менен кошо Сирияга кетүүгө үндөп жүргөн киши менен жолугушуу учурунда 10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын колундагы телефонунан террордук ИМ тобуна тиешелүү тасмалар табылган. Ошондой эле Одноклассники, Whatsapp социалдык тармактарында да “жихадга” чакырган үгүт маанисиндеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү анык болду.

Анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда, экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, флешкалар табылган. Жеке компьютеринен экстремисттик чакырыктар жазылган тасмалар табылып, ошондой эле “Абдуллох” Кыргызстанда террордук аракеттерге үндөгөн бир катар материалдарды интернетке жарыялап турганы анык болгон.

Бардык алынган материалдар атайын экспертизага берилди. Учурда анын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG