Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Бомбалоодон аман калган сириялык жаш бала согуштун символуна айланды


Сириялык жаш бала. Алеппо. 18-август, 2016.
Сириялык жаш бала. Алеппо. 18-август, 2016.

Алеппо шаарындагы аба соккудан кийин аман калган баланын сүрөтү ММК жана социалдык тармактарга тарагаң соң Сириядагы согуштун символуна айланды.

Бул сүрөттү тартып алган сүрөтчү аба соккудан улам сегиз киши өлгөнүн, анын бешөө кичекей балдар экенин айтып берди. Сириядагы адам укуктарын коргоо борбору аба соккуларды Башар Асаддын армиясынын учактары жасаганын маалымдады.

Августтун башында Бириккен улуттар уюму Алепподогу абал гуманитардык катастрофага жакын экенин билдирген. Аба соккулар токтобой жаткан Алепподо электр системалары жана суу түтүктөрү толугу менен жарактан чыккан. Жайдын ысыган күндөрүндө суусуз отурган жаш балдардын ден соолугу үчүн коркунуч жаралууда деп жазылган БУУнун балдар фондусунун билдирүүсүндө.

Сириядагы согуш курагы 18ге жете элек 14 миң баланын жанын алып, жалпысынан 280 миң киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG