Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Москва бийлиги путчтун 25 жылдыгына арналган эки митингге уруксат берди


Москва шаарынын көчөлөрүндөгү тосулмалар, 21-август 1991-жыл.
Москва шаарынын көчөлөрүндөгү тосулмалар, 21-август 1991-жыл.

Митингдин катышуучулары Акүйдөн баштап "Орусиядагы демократиянын коргоочулары" деп аталган белгиге чейин жөө жүрүш уюштурууга уруксат алышты.

Москва шаарынын бийлик өкүлдөрү "августтагы путчту" эскерип, 20-22-августта 100 адамга чейинки митинг өткөрүүгө уруксат бергенин Москванын аймактык коопсуздук департаментинин башчысы Алексей Майоров билдирген.

Мурдараак, 16-августта мэрия жыл сайын өтчү митингге уруксат бербей койгондугу кабарланган. Анын ордуна мэрия митингдерди Сокольникидеги гайд-паркта жана Суворов аянтында өткөрүүнү сунуштаган. Акциянын уюштуруучулары Лев Пономарев жана Михаил Шнейдер мындай сунушту четке каккан.

XS
SM
MD
LG