Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 20:58

Аскар Бешимовго Малайзияда элчи болуп тургандагы иши үчүн сөгүш жарыяланды


Аскар Бешимов

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аскар Бешимовго сөгүш жарыяланды. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, тиешелүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 19-августта кол койду.

Сөгүшкө Аскар Бешимовдун Малайзияда элчи болуп турганда өз милдетин тиешелүү түрдө аткарбаганы жүйө келтирилген.

Бешимов Куала-Лумпурдагы кыргыз өкүлчүлүгүн 2011-2012-жылдарда жетектеген. Андан кийин тышкы иштер министринин орун басары болуп эмгектенип, быйыл январда президенттин жарлыгы менен Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси болуп дайындалган.

Бешимовго эмне себептен төрт жылдан кийин гана сөгүш жарыяланганы тууралуу президенттик аппарат маалымат бере элек. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG