Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Москва: август путчу эскерилет


1991-жылы 19-21-август күндөрү компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр СССР президенти Михаил Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурган.
1991-жылы 19-21-август күндөрү компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр СССР президенти Михаил Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурган.

Бүгүн Москвада ГКЧП деген ат менен тарыхта калган Советтер Союзундагы мамлекеттик төңкөрүштүн 25 жылдыгына карата уюштурулган оппозициянын митингдери башталат. Катышуучулар Кремлден баштап "Орусиядагы демократиянын коргоочулары" деп аталган белгиге чейин жөө жүрүшкө чыгышат.

Буга чейин Москва мэриясы жыл сайын өтчү митингге уруксат бербей, аларды Сокольникидеги гайд-паркта жана Суворов аянтында өткөрүүнү сунуштаган. Акциянын уюштуруучулары Лев Пономарев жана Михаил Шнейдер муну четке каккан. 19-августта шаар бийлиги айрым чектөөлөр менен макул болуп, 20-22-августта белгиленген иш-чарага 100гө жакын адам гана катышсын деген талап койгон.

1991-жылы 19-21-август күндөрү компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр СССР президенти Михаил Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурган. Бирок алар өз максатына жетпей, тескерисинче СССРдин кулашын тездеткен.

1991-жылы 24-августта Горбачев КПССтин баш катчылык кызматын тапшырганын жарыялаган.​ (NT)

XS
SM
MD
LG