Казакстанда тыюу салынган "Алга" оппозициялык партиясынын мурдагы лидери Владимир Козлов 19-августта Заречный айылындагы абактан бошотулду. "Азаттык" радиосунун казак кызматы жазып чыккандай, аны адвокат Айман Умарова менен жарандык активист Юлия Козлова тосуп алышты.
Козлов 2012-жылы октябрда жети жарым жылга эркинен ажыратылып, мал-мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Ал 2011-жылдын 16-17-декабрындагы Жаңы-Өзөн окуяларында социалдык жаңжалды козуткан деп айтыпталган. Анда иш таштаган мунайчыларга жана шаар тургундарына каршы полиция ок чыгарып, натыйжада 16 адам өлүп, 100дөн ашууну жаракат алган. Владимир Козлов жана анын тарапташтары, батыш демократиялык коомчулугу бул айыптоолор саясий кызыкчылыктан улам тагылганын айтып келишет.
Козлов акыркы жылдарын Алматынын четиндеги Заречный айылындагы абакта өткөрүп, бир нече жолу дисциплинардык жазага тартылганын айтып, муну мөөнөтүнөн мурда камактан бошотууга бийликтин тоскоолдугу катары сыпаттап жүргөн. Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу өтүнүчүн Козлов 16-июнда берген.